Иштөө чөйрөсү
Бул аппарат RF таасири астында жүрүү боюнча
көрсөтмөлөргө туура келет жана жөнөкөй колдонуу
кулакка каршы кармап же денеден эң аз дегенде 2.2
сантиметр (7/8 дюйм) аралыкта алып жүргөндөгүсү
эсептелет. Сумка, кемер илгичи, же кутуча аппаратты
денеге жакын алып жүрүү үчүн колдонулса, алар
металл тетиктерди камтыбаш керек жана аппаратты
денеден жогоруда айтылган алыстыкта кармашы
керек.
Маалымат файлдарды же кабарларды жөнөтүү үчүн,
бул аппарат тармактан сапаттуу байланышты талап
кылат. Кээ бир учурларда маалымат файлдарын же
кабарларды жөнөтүү бул сыяктуу байланыштын
жеткиликтүү болушунча токтоп калат. Көрсөтмөлөрдө
Кошумча коопсуздук маалымат
© 2008 Nokia. Бардык укуктар сакталды.
63
айтылган бөлүү аралыгы жөнөтүү бүткөнчө
сакталганын камсыз кылыңыз.
Аппараттын бөлүктөрү магниттелген. Металлдык
материалдар аппаратка жабышып калат. Кредиттик
карточкаларды же башка магниттик сактоо
каражаттарды аппараттын жанына койбоңуз, анткени
алардын ичинде сакталган маалымат өчүп калышы
мумкун.